Суу түтүктөрүнөн үйлөр жасалды

26-Янв. 2018, Жума, 18:01

Микро үй тренди бул он жылдыкта популярдуу болот окшойт. Андай турак жайлардын ойдо жок варианттын “James Law Cybertecture” компаниясы чыгарды.

“OPod Tube House” аттуу үй стандарттуу бетон түтүктөрүнөн жасалып, ири мегаполистерден турак алууга алы жетпеген жаштарга ылайыкталган. Ошондой эле калкты жайгаштыруу көйгөйлөрү менен күрөшүп жаткан шаардык бийликке пайдалуу.

Бираз мурда Гонконгдо көрсөтүлгөн үйдү жасоого диаметри эки жарым метрлик бетон суу түтүгү керектелген. Аянты 93 чарчы метр болуп, бир же эки адамга ылайыкталган. Ичинде стандарттуу шарттар түзүлгөн. Бүктөлгөн керебети, жуунучу бөлмө жана кийимдерди кое турган жери бар.

Долбоордун архитектору Жеймс Лоунун айтымында үйдүн салмагы 22 тоннага жакын. “Аларды орнотууга көп күч кетпейт. Түтүктөр бири-бирине оңой бекитилет. Ошондой эле жакшы сакталып, шаардын ээн жерлерине, көпүрөлөрдүн астына кожайгаштырууга болот. Кээде имараттардын ортолорунда абдан кууш жерлер калат. Ал жактарга “OPod” оңой батат”,-деген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!