Кымбат атырлардын бири 250 миң долларга өттү

1-Фев. 2018, Бейшемби, 12:07

Дүйнөдөгү эң кымбат атырлардын бири өз ээсин тапты. Италиядагы “Опера Прима” жыпарын белгисиз адам 250 миң долларга сатып алган.
Флакону алтын жана башка баалуу таштар менен кооздолуп, байыркы рим амфорун элестетет. Атырдын рецепти парфюмер Даниэл Андрьеге таандык.

Учурда “Опера Прима” “DKNY Golden Delicious” ароматына кийинки орунда. Нью-Йорктун көрүнүшүндөгү бөтөлкөсү ак жана сары алтындан тышкары үч миң баалуу таштар менен кооздолгон. Өндүрүүчүлөрү аны бир миллион долларга баалап жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!