Мектепте атылган октон 17 адам көз жумду

15-Фев. 2018, Бейшемби, 11:54

АКШнын Флорида штатындагы Паркленд шаарында “Марджори Стоунмэн Дуглас” мектебиндеги атышуунун курмандыктары 17ге жеткенин округдун шерифи Бройярд Скотт Исраэль билдирди.

“Он эки адам мектептин ичинде, экөө имараттын жанында, бирөө көчөдө, дагы экөө ооруканада көз жумду”,-деди ал. Ошондой эле трагедияга айыпталып жаткан өспүрүм тартип бузганы үчүн мектептен чыгарылганын кошумчалады.

Маалымат каражаттарындагы кабарларга караганда кол салган адамдын аты жөнү Николас Круз. Ал 18 жашта болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!