Өткөн жылы он миңден ашык афганистандык көз жумду

15-Фев. 2018, Бейшемби, 16:03

2017-жылы Афганистанда көз жумган жөнөкөй жарандардын саны 10 миңден ашты. Мындай маалыматтар Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Афганистанга жардам миссиясынын (UNAMA) 15-февралда жарыяланган билдирүүсүндө жазылган.

Уюмдун маалыматына караганда куралдуу жаңжалдардын жыйынтыгында өлкөдө 3 миң 438 адам көз жумса, 7015 жаран жаракат алган. Бул 2016-жылга салыштырмалуу 6 пайызга төмөн экени белгилүү болду.

Билдирүүдө 2017-жылы куралдуу жаңжалдарда 359 аял көз жумганы, 865и жарадар болгону, бул 2016-жылга караганда 5 пайызга көп экени жазылган. Ал эми көз жумган жана жарадар балдардын саны 2016-жылга караганда 10 пайызга төмөндөгөн. Башкача айтканда 861 бала бул дүйнө менен кош айтышса, 2 миң 318 бала жарат алган.

“Афганистан эли жыл өткөн сайын кооптонуу менен жашап калды. Өлүмгө себепчи болгондор жоопко тартылбай келет. Алар табылып, жазасын алышы керек”,-деп белгилеген БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зейд Раад аль Хуссейн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!