Марицанын түбүндө миңден ашык адам жатат

24-Фев. 2018, Ишемби, 14:56

Мурдагы күндөрү Марица суусу аркылуу Грецияга өтүүгө аракет кылган Кызмат кыймылынын ыктыярчылары же эки үй-бүлө кайык оодарылып көз жумган. Андагы сегиз адамдын бирөө аман калган. Үчөөнүн жансыз денелери табылса, калган төртөө дале дыйынсыз.

Германиянын “Bild” гезитинин кабарчылары Марицадагы трагедия боюнча изилдеген макаласын жарыялады. Анда маалыматтардын негизинде суунун түбүндө 1 миң 300дөн ашык адам жатканы белгиленген.

Аталган басылманын кабарчылары Лиана Спиропулу жана Гиоргос Мутафис Түркия-Греция чек арасына барып, мигранттардын мазарына айланып бара жаткан Марица суусуна байланыштуу кеңири маалыматтарды топтогон.

Гезитке маек берген аймактын губернатору Димитриос Чацикакидис абдан аянычтуу көрүнүштөрдү күбөсү болуп жатышканын айткан. “Бул жакта болуп жаткандар ойго келгис. Түндүн бир оокумунда балдардын ыйлаганынан ойгонуп, суукта ным кийимдер менен айласыз күткөн бир топ адамдарды көрөбүз. Бирок көз жумгандарга караганда булар жолдуу экени кубандырат”,-деген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!