Аракетчил мугалимге Microsoft белек берди

1-Март 2018, Бейшемби, 17:04

Ганада мектебинде технология сабагын кара тактага компьютердин сүрөтүн чийип окуучуларына сабак өткөн мугалимдин сүрөттөрү Интернет аркылуу тараган. Бул сүрөттөрдү байкаган Microsoft корпорациясы мектепке компьютер жиберүүнү убада кылды.

Кумаси шаарындагы мектептен тартылган сүрөттөрдө мугалим Ричард Аптиа Акото кара тактага Microsoft Word программасынын экрандан көрүнүшүн толугу менен чийип чыкканын, аны окуучуларга түшүндүрүп жатканын көрүүгө болот.

Овуро Квадво аттуу мугалим “Facebook” тармагына “Гана мектептеринде компьютер, байланыш коммуникация технологиясы сабагы абдан көңүлдүү өтүлөт”,-деген жазуу менен бөлүшкөн.

Февраль айынын ортосунда бир топ социалдык медиа колдонуучулар кесибин сүйгөн мугалимге ыраазычылык билдиришкен.

Ребекка Энчонгун аттуу ишкер өткөн дүйшөмбүдө Microsoft корпорациясына “Бул мугалимди камсыздап кое аларсыз”,-деп жазган. Шейшембиде аталган корпорациядан Акотону компьютер жана билим берүүгө керектүү каражаттар менен камсыз кылышарын убада кылган жооп келди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!