Дүйнөдөгү эң чоң учак сындан өттү

2-Март 2018, Жума, 14:54

АКШда дүйнөдөгү эң чоң учак сыноодон өттү. Анда аба кемесин учуу-конуу тилкесинде бир нече аралыкка жүргүзүштү. Учак рекорддук көрсөткүчтү же саатына 74 чакырым аралыкты багындырары белгилүү болду.

Аны иштеп чыгаргандар биринчи учуу качан ишке ашарын азырынча айта элек. Бирок учурда сынак ийгиликтүү өткөнүнү менен сыймыктанышууда. Аба кемеси эки жүз тоннадай жүк көтөрүүгө жөндөмдүү.

Бул учак менен андан ары жер орбитасына жиберилүүчү бир нече чакан ракеталарды абага алып чыгуу пландалууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!