​Унаа кулап 26 жаран каза болду

7-Март 2018, Шаршемби, 14:58

Индияда унаа көпүрөдөн кулап 26 адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, Индиянын Гуджарат штатында үйлөнүү тоюна бара жаткан оор жүк ташуучу унаа көпүрөдөн чыгып кетип 26 адам каза болгон. Кырсык Индиянын батышындагы Ратжкот жана Бхавнагар шаарларын бириктирип турган жолдо катталган. Унаанын ичинде 60 адам болгон анын 26сы каза болуп 12 адам жаракат алган

Унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, көпүрөдөн чыгып кеткен

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!