​Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын гимни чыкты (видео)

​Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын гимни чыкты (видео)
10-Март 2018, Ишемби, 14:33

2018-жылы Орусияда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын расмий гимни чыкты. Аны америкалык ырчы Джейсон Деруло (Jason Derulo) YouTube баракчасына жарыялады. “Colors” аттуу композиция 2018-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын расмий гимни болмокчу. Батыштын маалымат каражаттары бул ырдын расмий ачылышы 16-мартта болоорун жана ырчы бир жума мурун баракчасына жарыялап жибергендигинжазып чыгышты.


Эсиңиздерге сала кетсек футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин Орусияда өтөт. Футболчулар Орусиянын 11 ири шаарларында 12 стадионунда ат салышат. Москва шаарында (“Лужник жана “Спартак), Санкт-Петербург (“Санкт-Петербург” стадионунда) Казань (“Казань Арена”), Сочи (“Фишт”), Екатеринбург (“Екатеринбург Арена”), Ростов-на-Дону (“Ростов Арена”), Волгоград (“Волгоград Арена”), Нижний Новгород ( “Нижний Новгород” стадиону).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!