​Кытай ишкерлерине кызматташуу сунушталды

18-Апр. 2017, Шейшемби

Кытай ишкерлерине Кыргызстанда тигүү ишканасын ачууну сунушташты. Бул тууралуу Кытайдын Гуанчжоу шаарындагы Кыргызстандын консулдугу кабарлады.

маалыматка караганда, 17-апрелде Кытайдын Гуанчжоу шаарындагы Кыргызстандын консулу Максат Тентимишов Гуандун провинциясынын тигүүгү жабдыктарын өндүрүүчүлөр ассоциациясынын вице-президенти Шао Лиши менен жолукту.

Жолугушуу учурунда эки тарап Кыргызстанда тигүү ишканасын ачуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз кылышты.

М.Тентимишов Кыргызстанда өндүрүлгөн кийим жана кездемелерди ЕАЭБдин жана ВСП+ статусунун алкагында Евробиримдигине кирген өлкөлөргө экспорттоо мүмкүнчүлүгүнө токтолуп, Кыргызстанда тигүү ишканасын ачууну сунуштады. Ошондой эле Кытай тарапка Кыргызстандын тигүү чөйрөсү менен таанышып Ысык-Көлдө өтө турган ишкерлер форумуна катышып кетүүгө чакырды.

Ассоциациясынын вице-президенти Шао Лиши чакырууну кабыл алгандыгын ошондой эле Кыргызстандын тигүү тармагы тууралуу ассоциация ишкерлерине маалымат берерин айтты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!