Кытайлыктар бут кийим чыгарууга кызыкдар

Кытайлыктар бут кийим чыгарууга кызыкдар
20-Апр. 2017, Бейшемби

Кытайлык бут кийим өндүрүү корпорациясы Кыргызстанга ишкана ачууга кызыкдар. Бул тууралуу Кытайдын Гуанчжоу шаарындагы Кыргызстандын башкы консулдугуна кабарлашты.

Маалыматка караганда, Кытайдын Гуанчжоу шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу Максат Тентимишов кытайлык ири бут кийим өндүрүүчү «Синхаопан» ишканасынын төрагасы Лю Суйлун менен жолуккан. Жолугушуу учурунда эки тарап Кыргызстанда бут кийим жана булгары буюмдарын өндүрүү тууралуу пикир алмашышкан.

Башкы консул Кыргызстанда чыгарылган товарлардын ЕАЭБдин рыногуна жана Евробиримдигине чыгаруу мүмкүнчүлү бар экендигине токтолду. Ал эми «Синхаопан» ишканасынын төрагасы Лю Суйлун Кыргызстанга ишкана ачуу кызыкчылыгы бар экенин билидирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында «Синхаопан» корпарациясынын өкүлдөрүү июль айында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн карап көрүү үчүн Кыргызстанга келүү тууралуу сүйлөшүүгө жетише алышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!