​Ысык-Көл белгилүү курорттордун катарында

11-Май 2017, Бейшемби

“ТурСтат” аналитикалык агенттиги 2017-жылы россиялык туристтер үчүн белгилүү болгон КМШ өлкөлөрүндөгү курортордун рейтингин чыгарды.

1 Боровое (Казакстан)

2 Ысык-Көл (Кыргызстан)

3 Нарочь (Белорусия)

4 Ленкорань (Азербайжан)

5 Севан (Армения)

Бул рейтинг мейманканаларды онлайн түрүндө брондоо системасынын маалыматына ылайык жүргүзүлгөн. Россиялык туристтер Боровое курортунда орто эсеп менен 12 күн эс алат. Ысык-Көлдө 10 күн, Нарочто 8 күн, Ленкоранда 7 күн ал эми Севан көлүндө 3 күн эс алышат.

Ысык-Көлдө россиялык эс алуучулар орто эсеп менен суткасына 75 доллар сарпташат. Кыргыз берметине негизинен Москва, Санкт-Петербург, Новосбирск шаарларынан жана Москва областынан келишет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!