​Россиялык инвесторлор Кыргызстанда коён өстүрөт

15-Май 2017, Дүйшөмбү

Россиялык инвесторлор Кытайга коён экспортоо үчүн Кыргызстандан фермерлик чарба караштырып жатат. Бул тууралуу Кыргызстандагы Евразия экономика мейкинин ишкерлери кеңешинин аткаруучу директору Людмила Осетрова билдирди.

Анын айтымына караганда, россиялык өнөктөштөр үчүн жумасына 100 тонна коёндун эти керек. Бирок азырынча кыргызстандык фермерлер мындай көлөмдөгү продукцияны берүү мүмкүнчүлүгү жок. Россиялыктар бул долбоордун 90 пайызын каржылаганга даяр. Ал эми калган 10 пайызын кыргызстандык фермерлер каржылашы керек. Учурда аталган долбоордун ишинин биринчи баскычында Чүй областынын фермерлери менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!