13-июль: доллардын курсу түшүп жатат

13-Июль 2017, Бейшемби

Улуттук банк берген маалыматка караганда банктар аралык валюта соодасындагы доллардын курсу 0,04 пайызга төмөндөп, 1 доллардын наркы 69,58 сомду түздү.

Евронун курсу 0,51 пайызга жогорулап, 1 евро 79,72 сомго бааланууда.

Рублдин орточо наркы 0,16 пайызга өсүп, 1 рубль 1,14 сомго эсептелди.

Теңгенин наркы 0,16 пайызга төмөндөп, 1 теңге 0,21 сомго бааланды.

Белгилей кетсек, 11-13-июль күндөр аралыгында доллардын курсу 0,07 пайызга чейин төмөндөп кетти. 11-июлда доллардын курсу 0,02 пайызга түшүп, 1 доллардын наркы 69,61 сомду түзгөн. Ал эми кечээ күнү доллар курсу 0,01 пайызга төмөндөп, 1 доллардын наркы 69,60 сомду түзгөн болчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!