Кыргызстан ЕАЭБке кирүү менен деңизге чыгат

2-Авг. 2017, Шаршемби

2017-жылдын 5 айында Кыргызстанда темир жол транспорту аркылуу жүк ташуу 10 пайызга өскөн. Ал эми жүргүнчүлөрдү тейлөө 6,7 пайызга көбөйгөн. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта өткөн тегерек столдун жүрүшүндө Евразия экономикалык коммисиясынын Инфраструктура департаментинин жетекчиси Ержан Нурахметов билдирди.

“Биздин темир жолдор бирдиктүү транспорт системасына интеграцияланды. Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) темир жолдун жалпы узундугу 107 миң километрди түзөт. Кыргызстан ЕАЭБке кириши менен темир жол тармагында жүк жана жүргүнчү ташуу жакшы жакка өзгөрүүдө. Үстүбүздөгү жылдын 5 айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15 пайызга өскөндүгү байкалды”,-дейт Нурахметов.

Анын айтымында, Кыргызстан биримдикке кириши менен деңиз портторуна чыгууга мүмкүндүк алат.

“Кыргызстандын деңизге чыгуу мүмкүндүгү жок. ЕАЭБке кирүү менен деңиз портторунун кызматтарын пайдаланууга бирдей шарт түзүлөт. Кыргызстанга тиешелүү жүктөргө жеңилдетилген темир жол тарифтери колдонулат. Анын жыйынтыгы үчүнчү өлкөлөргө экспорттун көбөйүшүнө шарт түзөт”,-деп кошумчалап кетти ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!