​М.Смелик: “Liglass Trading”дин тегерегиндеги сөз жалган

18-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 14:26

“Liglass Trading” компаниясынын тегерегиндеги сөз эч кандай чындыкка коошпойт. Бул тууралуу компаниясынын директору Михаил Смелик маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, баардык өлкөлөр Кыргызстанга көз салып жатат. Инвесторлор өлкөдө кандай кырдаал түзүлгөнүн көрүп жатышат.

“Биздин дүйнөлүк өнөктөштөрүбүз эмне үчүн биз Кыргызстанга инвестиция салып жатканыбызды түшүнбөй жатат. Бул рынокту биз 3 жыл изилдеп көрдүк. 2015- жылы инвесторлор үчүн жакшы мыйзамдар кабыл алынган. Кыргызстанда өзгөрүү болду. CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу башталды”,-дейт Смелик.

“Liglass Trading” компаниясынын тегерегиндеги сөз эч кандай чындыкка жатпайт.

“Биз ушундай болуп кетет деп ойлогон эмесбиз. Бул форс-мажор. Биз бул кырдаалды көзөмөлдөй албай жатабыз. Бул ишмердик эмес. Биздин дарекке жалган маалыматтарды берип жаткандардын баарын сотко беребиз деп кепилдик бере алам”,-деп кошумчалап кетти.

Эскерте кетсек, Liglass Trading компаниясы Ак-Булуң ГЭСи жана Жогорку Нарын каскадын куруп жана ишке берүү боюнча тендерде утуп алган. Ошондой бир катар чакан ГЭСтердин курулушу боюнча тендерден да жеңишке жеткен. Өкмөттүн берген маалыматына ылайык аталган компания Кыргызстандын “Русгидро” компаниясына бере турган 37 млн. долларын төлөп берерин билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!