Миграциянын талылуу маселелери талкууланды

26-Сен. 2017, Шейшемби, 18:08

Бишкек шаарында эки күн боюу миграция маселесине байланыштуу ири жыйын болду. Бул тууралуу Миграция кызматынын маалымат катчысы Айсулуу Исабекова билдирди.

Анын билдиргенине караганда, Өкмөткө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы Эл аралык Миграция Уюму жана Бириккен улуттар уюмунун алдындагы Качкындар менен иштөө башкармалыгы менен биргеликте 25-26-сентябрда “Борбор Азиядагы калктын мобилдүүлүгү, кайтып келген миграциянын кесепеттери, мигранттардын укуктары жана миграттардын аялуу катмары, жөнгө салынбаган миграция, адамдарды сатуу жана качкындар меселеси аталышында жогорку жетекчилердин төртүнчү жолугушуусу Бишкек шаарында өттү.


жолугушуунун башкы максаты алдыңкы тайжрыйбаны алмашуу, көзгө урунган тенденцияларды талдоо, иш жүзүндөгү дайындардын негизинде иш үстүндөгү баалоолорду талкуулоо, жеткире иштелбегендерди аныктоо жана сунуштамаларды даярдоо аркылуу Борбордук Азиядагы жана жалпы региондогу аралаш миграциялык агым менен байланыштагы татаал көйгөйлөрдү чечүүдө катышуучу мамлекеттердин потенциалын чыңдоо болуп саналат. Жолугушууда ошондой эле адамдардын мобилдүүлүлгү, мигранттардын, качкынадрадын аялуу катмарынын укуктары боюнча маселе каралып т.а. мигранттардын жакындардын укуктарын жүзөгө ашыруу арыклуу жетишүүгө мүмкүнчүлүктөр, чакырыктар жана алдыңкы дүйнөлүк тажрыйба талкууланды.

Андан сырткары бул иш-чарада мигранттардын аярлуу факторлорун талкуулоо жана талдоо, коргоого алуу жашоо туруктуулугун чыңдоо жана аялуулугун төмөндөтүү, жаатында саясий курстун программалык жана ыкчам жооп берүү чараларынын багыттарын аныктоо үчүн региондук платформаны сунуштоо максатын койду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!