​Чек арада унаа тыгыны азайды

9-Ноя. 2017, Бейшемби, 10:36

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы оор жүк ташуучу автоунаалар өтүүчү “Ак-Тилек” бекетинде автоунаалардын тыгыны азайды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, казак тарап акыркы үч күндөн бери бул бекет аркылуу автоунааларды өткөрүүнү тездетти. Учурда аталган бекетте 30-40тай жүк ташуучу унаа турат.

Казак тараптан текшерүү тариптери өзгөргөн жок. Буга чейин транзит менен кетип жаткан жүк ташуучулардын саны көбөйгөн. Ошондой эле кезекте турган унаалардын арасында жүгү жок жүк ташуучу автоунаалар да болгон. Казак тараптын транзит жана бош оор жүк ташуучуларды текшерүүсүз бат-баттан өткөрүүсүнүн жыйынтыгында кезекте турган 400гө жакын автоунаа өткөн.

Ошондой эле “Ак-Тилек” бекетинде кезек күткөн унаалардын азайышынын дагы бир себеби жүк ташуучулардын товар ташуунун жана сатуунун башка жолдорун караштырып жаткандыгы болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!