Соцфондго 84,34 млн. сом которулган

20-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 16:38

“Кыргызалтын” ишканасы 2017-жылдын 9 айында өлкө бюджетине жалпы 459,51 млн. сом которду. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган ишкана салык жана башка которуулар менен жалпы 459,51 млн. сомдон ашык которду. Анын 84,34 млн. сому Социалдык фондго которгон. 375,17 млн. сом салык жана дивиденд катары төлөгөн. Анын ичинен казынага двидент түрүндө 255,4 млн. сомдон ашык которгон.

Ошол эле учурда “Кыргызалтын” өндүрүштүк-финансылык ишмердиктен алынган таза кирешеси 80,82 млн. сомду түздү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!