​Күрөш: Хасановду жеңген Асанов колого татыды

​Күрөш: Хасановду жеңген Асанов колого татыды
22-Ноя. 2017, Шаршемби, 16:43

Кыргызстандык балбан дүйнөлүк чемпионатта коло жеңип алды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн расмий сайты билдирди.

Маалыматка караганда, Польшанын Быдгощ шаарында өткөн 23 жашка чейинки спортчулардын дүйнөлүк чемпионатында Кыргызстандык балбан Эсен Асанов 75 килограмм салмакта 5 жолу кармаш өткөргөн. Ал биринчи кармашында Латвиялык балбанды жеңген. 1/8 финалда белорусиялык спортчудан күчтүү экенин көргөзүп чейрек финалга өткөн. Ошондой эле чейрек финалда Венгриялык балбанды жеңилүү ызасын тарттырган.

Ал эми жарым финалда Турциялык балбан Фатих Сенгизге уттуруп койду. Коло үчүн болгон кармашта Азербайжандык спортчу Хасановду жеңип үчүнчү оорунга татыды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!