​2018-жылга 20 млрд. сом тартыштык менен киребиз

23-Ноя. 2017, Бейшемби, 14:11

2018-жылга карата бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 158 млрд. 398 млн. сом көлөмдү түзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджетинин долбоору жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору каралган жыйында өкмөт башчы Сапар Исаков билдирди.

Анын айтымында бюджеттин кирешеси Ички дүӊ өнүмгө карата 29,4 пайыз деңгээлде болушу мүмкүн.

Келерки жылы республикалык бюджеттин кирешеси 142 млрд. 581 млн. сом көлөмүндө каралган. Кирешелердин көлөмү 2017-жылдын бюджетине салыштырмалуу 12,4 пайызга көбөйөт. Ал эми 2019-жылы 142,1млрд сом, 2020-жыл 144,5 млрд 559 млн сомду түзмөкчү.

Ошондой эле, республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 2018-жылга 162 млрд 849 млн сом деңгээлинде белгиленген.

Ал эми республикалык бюджеттин тартыштыгы 2018-жылга 20 млрд. 267 млн. сом өлчөмүндө болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!