​Жерүй кенинде иш башталды

25-Ноя. 2017, Ишемби, 09:56

Жерүй кенинде алтын бөлүп алуу фабрикасы жана уулуу зат сактоочу жайдын курлушу башталды. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка караганда, жакынкы күндөрү фабриканын пайдубалына капсула салынды. Компания алтын өндүрүүнү 2019-жылдын январь айында баштоону пландап жатат. Ал эми алтын бөлүп алуу фабрикасы жана уулуу зат сактоочу жайдын курлушун 2019-жылдын мартында бүткөрүүнү максат кылууда. Алтын бөлүп алуу фабрикасы жана уулуу зат сактоочу жайдын курууда европалык технологиялар колдонулат.

Өнөр жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Улан Рыскуловдун айтымында Жерүй кенин иштетүү Талас областынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө чоң таасир беретурган улуттук ири долбоорлордун бири.

Долбоор өндүрүштө жергиликтүү калк үчүн миңдей жумушчу оорун түзөт. Кенде иштегендерге тамак бериш керек, кийинтиш керек, аларды ташыш керек болот ошондуктан кендеги 1 жумушчу оорун дагы ар кайсы тармакта 5 адамга жумуш берет. Бул иштердин баарын жергиликтүү компаниялар аткарат. Эгер эл бай болсо өлкө да бай болот”,-дейт Рыскулов.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!