Кыргызстан Россия менен Кытайдан алдыда

4-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 11:31

Кыргызстан өнүгүүсү боюнча рейтингде 82-орунду камсыздады. Бул тууралуу Лондондун “Legatum Institutе” аттуу аналитикалык борборунун гүлдөп өнүгүп келе жаткан жана байгерчилик жашоодогу өлкөлөрдүн рейтингинде көрсөтүлгөн.

Рейтингде Кыргызстан өткөн жылга салыштырмалуу беш орунга төмөндөгөн тактап айтканда 77-орундан 82-орунга түшкөн.

Рейтингде жалпысынан 149 мамлекеттеги кырдаалга көз салып, алардын мыктыларын коопсуздук, жеке эркиндик, саламаттык сактоо, билим берүү, ишкерлик менен алектенүү мүмкүнчүлүгү, экономика, социалдык жетишкендик жана башкаруу сыяктуу бир катар критерийлер менен тандалат.

Кыргызстан 2017-жылы билим берүүдө (60-орун), социалдык байгерчилик жашоо (47-орун) жана медицина (61-орунга) боюнча жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп, башкаруу (113-орун) жана жеке эркиндик (92-орун) жагынан төмөнкү орунга илинген.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан алдыга озуп 72-орунду алса, экинчиде Кыргызстан, үчүнчүнү 102-орундагы Тажикстан камсыздады. Ал эми Өзбекстан менен Түркмөнстан рейтингге кирген эмес.

Рейтингтеги иликтөөнүн жыйынтыгынды эң гүлдөгөн өлкө катары Норвегия аталды. Андан кийинки орундарды Жаңы Зеландия менен Финляндия багындырган. Ал эми Россия 101-орун, Кытай 90-орунда.

Маалымат катары, "Legatum Institutе" аттуу британиялык борбор гүлдөп өнүккөн өлкөлөрдү 2006-жылдан бери изилдеп келет.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!