​Криштиану Роналду “Реалдан” кетеби?

​Криштиану Роналду “Реалдан” кетеби?
18-Янв. 2018, Бейшемби, 11:31

«Реа́л Мадри́д» футбол клубунун чабуулчусу, португалиялык футболчу Криштиану Роналду башка клубка кетээри айтылууда. As басылмасынын маалыматына караганда акыркы учурдун футбол жылдызы карьерасын "Манчестер Юнайтед" командасында улантаарын кабарлады. Португалиялык футболчунун чечими «Реа́л Мадри́д» футбол клубунун президенти Флорентино Перести алдап кетти дегендей ойдон улам болууда. Мурда Флорентино Перес 32 жаштагы оюнчунун келишимин кайрадан карап, айлыгын көбөйтүүнү айтканы менен андан бери эч кандай жыйынтык чыккан эмес.

«Реа́л Мадри́д» футбол клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду учурда алган 21 миллион евросу канааттандырбайт. Ал кирешеси 50 миллион евро болгон "Барселона" футболчусу Лионель Мессиден кем алгысы келбейт.

Ал эми "Манчестер Юнайтед" Криштиану Роналду тууралуу билгени менен азырынча эч кандай расмий билдирүү айта элек.

Эсиңиздерге сала кетсек, Криштиану Роналду «Реа́л Мадри́д» футбол клубунда 2009-жылдан бери ойноп келатат. Ушул убак аралыгында ал эки жолу Испаниянын чемпиону, эки жолу Кубок жана өлкөнүн Суперкубогун, үч жолу Лига Чемпиондугун жеңип алган. Өткөн айда португалиялык футболчу Криштиану Роналду 2017-жылдын мыкты футболчусу жана “Алтын топ” сыйлыгынын ээси болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!