​ИДӨ 430 млрд. сомго жетти

18-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 11:15

Үстүбүздөгү жылдын 10 айында өлкөнүн Ички дүң өндүрүмүнүн көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 4 пайызга өсүп 430 млрд. сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын 10 айындагы өсүш “Кумтөр” кенин эсепке албаганда, 388 млрд. сомду камсыз кылып Ички дүң өндүрүм өткөн жылга салыштырмалуу 3,9 пайызга көбөйгөн.

2017-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстандын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүндө өсүү болгон. Тактап айтканда Ички дүң өндүрүмдүн жогорулоосу өндүрүш, курулуш, айыл чарбасы жана кызмат көрсөтүү тармактарында өсүш болгондугу менен түшүндүрүлөт. Өндүрүштөгү көлөмдүн өсүшү металл кендеринин өндүрүмү 12,5 пайызга көбөйүшү, тазаланган мунай продуктуларды өндүрүү көлөмүнүн 32,98 пайызга өсүшү менен жетишилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!