Байбичелер таймашында бишкектик апалар жеңди

31-Март 2017, Жума

30-мартта өспүрүм балдардын “Сейтек” чыгармачылык борборунда саат 14:00дө “Кана эмесе байбичелер” сынагы болду.

Сынакка Бишкек, Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан келген 5 командадан төрттөн конкурсант катышты. Ар бир команда өзүнүн чыгармачылык жөндөмүн жана бий, ыр боюнча номерлерин аткарышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Ал эми “Жаш Кыял” бий ансамбли, “Сейтек” борборунун чыгармачылык балдар өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Сынактын жыйынтыгында:



1-орун Бишкектик апалар


2-орун Ысык-Көлдөн келген “Оптимисты РЦП” командасы


3-орун Баткен облусунан “Айгүл тоо айымдары” командасы


4-орун Жалал-Абаддан келген “Ишкер айымдар” командасы



5-орун Бишкек шаарынан “Энелер” командасы ээледи.

Жеңүүчүлөргө дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.

Уюштуруучулардын бири “ХелпЭйдж” эл аралык уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси Айсулуу Камчыбекованын айтымында, мындай иш-чара карыялардын көңүлүн алуу максатында уюштурулган.

“Карыялар арасында көйгөйлөр абдан эле көп, ардагерлердин пенсиялар аз, жетиштүү эмес. Ошого карабастан алар коомдогу активдүү иштерге катышып, өзгөчө миграцияда жүргөн уулдарынын балдарын карап жатат. Бүгүнкү күндө карылардын кадырын сыйлап, алардын эмгегин баалап ушундай иш-чараларды уюштуруп келебиз. Себеби азыркы убакта карыяларды социалдык тармакты тейлөө жагынан, пенсиялары жетишпейт. Мындан улам аларга позитивдүү мамиле куруп, алар көңүлдүү убакыт өткөрүп, жаш муундар менен пикир алышып, карылардын көңүлүн көтөрүү максатында бул конкурсту өткөрдүк”,-дейт ал.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунованын айтымында, карыялар боюнча маселелер бар экендигине токтолду.

“Карыялар арасында ден соолук, пенсиянын өлчөмү, мүмкүнчүлүктөр жана башка көптөгөн маселелер бар. Дүйнө жүзүндө иш сапар менен көп болом. Ал жакта карыяларды көрүп суктанып эмне үчүн биздин ата-энелерибиз балдарына көз каранды болбой, өзүнүн пенсиясын, өзүнүн акчасын пайдаланып өнүккөн чет өлкөгө чыга албаганын көрүп арданам. Кудай буюрса алдыңкы убакта акырындык менен Кыргызстанда дагы өзгөрүүлөр жүрүп, биздин улгайган карыяларыбыз дагы башка өлкөнүн карылардай болуп саякаттайт деген терең ишеним бар”,-деди ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!