Facebook 110 миллион еврого айыпка тартылды

24-Май 2017, Шаршемби

Европа комиссиясы “Facebook”ту 2014-жылы “WhatsApp” мессенджерин сатып жатканда маалыматты жашыргандыгы үчүн күнөөлүү деп тапты. Евробиримдик монополияга каршы органдары компания бүтүмдүн шарттары тууралуу толук маалыматты бербегендиги үчүн социалдык тармакка 110 млн евро айып койду.

2014-жылы “Facebook” техникалык жактан коомдук тармактардын аккаунттарын жана месенджерди бириктирүү мүмкүн эместиги жөнүндө документтерде көрсөтүлгөн. Бирок, “WhatsApp” сатып алгандан эки жыл өткөндөн кийин колдонуучулардын эсептери "бириктирилген". Көзөмөлдөө органдарынын чечими боюнча, компания Евробиримдикти адаштырып, башынан мындай ишке жол берген.

Башында, Еврокомиссия “Facebook”тун глобалдык кирешесинин 1 пайызына же болжол менен 276 миллион долларга айып салууну билдирген. Бирок, айып өлчөмү кыскартылган, себеби компания кызматташкандыгы үчүн.

Эскерте кесек социалдык тармак 2014-жылы “WhatsApp”ты 19 млрд долларга сатып алгып, кирешелерди жогорулатуу үчүн жаңы жолдорду издей баштаган. Өткөн жылдын сентябрь айында компания мессенджер кээ бир маалыматтарды (телефон номерлерди, байланыштар, аналитика ж.б. тизмесин) “Facebook” менен менен бөлүшө баштайт деп жарыялаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!