Виртуалдуу саякат

14-Июль 2017, Жума

Азыркы күндө телефондун жана көз айнектин жардамы менен виртуалдуу реалдуулук аркылуу дүйнөдө жана керек болсо Марста эмне болуп жатканын так билсе болот. Виртуалдуу чындык азыркы күндө жаңыдан пайда болуп бирок акыркы технологиялык жетишкендиктер көптөгөн укмуштууудай чечимдерди кабыл алып жана алар коомчулукка тез тароодо. Адатта, виртуалдуу чындык негизинен оюндар менен байланыштуу, ал эми “VR” технологиясы туризм үчүн кызыктуу мүмкүнчүлүктөрдү сунуштоодо.

Үйдө отуруп дүйнөнүн каалаган булуң-бурчуна барып эл көрүп жер көрүүнү каласаңыз анда бул технология жетишкендиги сиз үчүн. 360 градустук виртуалдуу видео саякатты жакшы пландоого, андагы көргөндөрдү көпкө чейин эсте сактоого жана бөлүшүүгө жардам берет. Келечекте виртуалдуу туризмди эмне күтүп турат? Виртуалдуу туризм чындыктын азайганынан кабар береби?

“VR” деген эмне жана саякаттоо үчүн кандай гаджеттер керектелет?

Виртуалдуу чындык же “VR” – жасалма айлана-чөйрө, тагыраак айтканды реалдуу дүнөнүн үлгүсү. Анда ар түрдүү каражаттардын жардамы менен чыныгы дүйнөнүн сүрөттөрүн, үндөрүн сезимдерин жана жыттарын бере алат. “VR”де адам өзүнүн айланасында курчап тургандар менен оңой эле сүйлөшүп жана таасир бере алат. Ар түрдүү программалар жана каражаттар ар кандай деңгээлде виртуалдуу дүйнөнү кабыл алууга жардам берет.

Виртуалдуу чыныгы дүйнөнү көрүү үчүн көз айнек тагуу керек. Алар баасы жана сапаты ар түрдүү болот. Эң арзандарынан мисалы, “Google” чыгарган “Cardboard” көз айнегин 20 долларга тапшырык берүүгө болот. Бул чоң каражат сарптабай виртулдуу дүйнө менен танышса болот, бирок “Google Cardboard”ка салыштырмалуу сапаты начар. Техника сүйүчүлөрү үчүн мисалы, “VR” көз айнектерин “ Samsung Gear” же болбосо “Homido” эң жакшысы катары сунушташууда.

“VR” көз айнектерин ар түрдүү аппараттарга туташтырса болот анын ичинде смартфондорго дагы. Телефондо “VR” системасын иштөөсү учүн ал “гироскоп” менен камсыз болуусу шарт.

Керек болсо өз видеоңузду да тартып, аны кийин “VR” техниканын жардамы менен кайрадан ал учурга кайтып барып келе аласыздар.

Кээ бир авиакомпаниялар өзүлөрүн бул техниканын жардамы менен жарнамалап келишет. “ВР” видеосу менен жөнөкөй сүрөт жана видео көргөндөн да реалдуу көрүнүштөрдү көрө алышат.

“VR”дин жардамы менен өзүңүз эңсеп жүргөн жана чыныгы жашоодо жолукпоочу адамдар менен жолугууга да болот.

Виртуалдуу жана цифралуу туризм жаңыдан гана өнүгүп келе жатат. Бул туризм багыты техника өнүккөн сайын биргеликте өнүгүү жолунда. Ал эми кайсы туризм багытында эс алууну каалайсыз ал сиздин тандооңуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!