Айдоочусу жок метро линиясы ачылат

21-Июнь 2017, Шаршемби

Кытайдын борбор шаарында ушул жылдын аягында расмий түрдө биринчи жолу толугу менен автоматташтырылган метро ачылат. Бул тууралуу «Синьхуа» агентиги кабарлады.

Метронун жаңы бутагы «Яньшань-Фаншань» учкучсуз курамдан турат. Азыр ал тажрыйба ирээтинде иштеп жатат.

Долбоордун аткаруучусунун айтымында, жаңы линия төрт вагондон туруп,1200 адамга ылайыкталган. Метронун узундугу 16,6 киллометрди түзөт.

Бул технология Кытай үчүн "абдан чоң ачылыш" экендигин белгилей кетүү керек.

Жаңы коопсуздук системаларын адамдардын жеке жагдайынан улам башкаруу курамына ката кетирбөө үчүн жардам берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!