Чөнтөк телефондор дааратканадан 18 эсе кир

25-02-2017

Колубуздан түшүрбөй ар дайым кармап жүргөн телефон дааратканадан 18 эсе кир болоорун билдиңиз беле?

Күн сайын бактериялар топтолгон жерге айланган телефондон гигиеналык жактан сактануу үчүн билиш керек болгон нерселер бар.

Жашообузда көп колдонулган телефондорду бир күн бою колубуздан түшүрбөй кармап жүрөбүз. Ошентип ал микроб жана бактериялардын топтолгон жерине айланат.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй бир чөнтөк телефону дааратканадан 18 эсеге кир экени белгилүү болду.

Телефондоруңузду жана ден соолугуңузду сакташ үчүн төмөнкүлөргө көңүл буруңуз:

Химиялык тазалоо ыкмасын колдонбостон, сезгич аппаратка зыян тийгизбестен жана аны алдын алуу үчүн үч түрдүү ыкманы сунуш кылабыз.

Биринчиси жана эң арзан ыкма жумшак жана кургак кебездин жардамы менен телефонду сүрүп чыгуу керек. Бирок бул ыкма бактерияларды жок кыла албайт.

Экинчиси тазалык үчүн колдонулуучу изопропил спирти жана суу аралашмасы .

Бирок бул аралашма да экранга зыянын тийгизет. Эң эле натыйжалуу ыкма болуп түстүү ультрофиолет нурларынын негизинде куралган түзүмдөр саналат.

Телефонго зыян алып келбей турган жана бактериялардан арылууга жардам берүүчү аппараттар АКШ да 59 доллардан сатылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!