Кулпунай терген робот

30-Ноя. 2017, Бейшемби, 11:56

Белгиянын инженердик “Octinion” компаниясы кулпунайды чогултуу үчүн робот ойлоп тапкан. Ооба, азыр роботтор менен машиналарды ар кандай олуттуу айыл чарба иштеринде да колдонуп келишет. Ошолордун бири бул кулпунай терген робот болуп саналат ал адамдын шамдагай, назик колдору менен атаандаша албайт чыгаар.

Толугу менен автономдуу робот, өз кезегинде, машинанын ылдамдыгы менен тактыгын сактап отуруп, мөмөлөрдү жыйноого жөндөмдүү колу да бар. Бирок ошону менен бирге кулпунайга зыян келтирип албоо үчүн колдор жумшак жасалган.

Робот өзүнүн тандоо жөндөмү менен мактана алат андагы атайы компьютердик программанын жардамы менен адамдын жумушун жеңилдетет. Себеби ал жашыл быша элек, же болбосо жалбырактарын терип, ашыкча көзөмөлдү талап кылбайт. Ошондой эле, робот мөмөдөгү закымдаган жеринин болушун жана мындай кулпунай жыйноо кажетүүлүгүн өз алдынча аныктай алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!