Жалюзинин тазалоо ыкмалары

14-02-2017

Пардалар жөн гана терезени жаап турган буюм эмес, күндөн коргоочу жана үйгө көрк берүүчү атрибут болуп саналат. Ошондуктан ар бир үй ээси үйдөгү парданын кооз, жарашыктуу болушун каалайт.

Жыйрылуучу же болбосо жалюзи пардалар, чий сыяктуу согулгандыгына байланыштуу үйдөгү жарыкка жагдай түзүүнү камсыздайт. Бул пардалар түрдүү өңдө болгондуктан бөлмөнүн ажарын ачат.

Жасалган материал бат кирдөөдөн сактайт. Чаң сорбогон өзгөчө жиптерден даярдалгандыктан чаң турбайт.

Бирок 2-3 жумада бир жолу үстүнө чогулган чаңды тазалап тууру керек. Ал үчүн электр щеткасынын ичке учу колдонулат.

Сүртүү үчүн спирт кошулбаган нымдуу тряпка сунушталат, анткени спирт кошулган каражаттар парданын өңүн өчүрөт. Сүртүүдөн мурун түсүнө жана түлдүн бөлүктөрүнө эки башка тряпка колдонгула. Бул ыкма менен парданын кирдөөдөн сактап таза туруусуна шарт түзүлөт.

Ал эми жалюзи пардаларын жууганга болбойт. Эгерде сүрткөндө кирлер чыкпай жатса анда атайын жуучу адистерге кайрылууңуз кажет.

Жалюзи пардаларын кайсы бөлмөгө такканыңызга байланыштуу болот. Мисалы, ашканада түрдүү жыттар болот, май чачырап кетүүсү ыктымал жана аларды сүртүп кетирүү кыйынчылык жаратаары маалым. Сүртүүгө ыңгайлуу болгон материалдан жасалган жалюзини тандоону сунуштайбыз.

Сүртүп тазалоодон мурун жалюзи пардаларынын этикеткаларын окуп, таанышып чыгыңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!