​“Бешикташ” машыктыруучусу ооруканадан чыкты (видео)

​“Бешикташ” машыктыруучусу ооруканадан чыкты (видео)
21-Апр. 2018, Ишемби, 14:39

Түркиянын “Бешикташ” футбол клубунун башкы машыктыруучусу Шенол Гүнеш “Фенербахче” тарапташтары тарабынан башынан жаралгандан кийин ооруканадан чыкты. Ал 19-апрелде “Фенербахче” жана “Бешикташ” командаларынын ортосунда өткөн Түркия Кубогунун жарым финалдык беттешинде күйөрмандар тарабынан ыргытылган бир нерсе башына тийип, башкы машыктыруучунун башынан кан агып жерге кулаган. Жыйынтыгында футболдук беттешүү токтотулуп, Шенол Гүнеш ооруканада, башына алган жаракаты беш жеринен тигилген. Оюнду 58 мүнөтүндө 0:0 эсебинде калыс Мете Калкаван токтотууга аргасыз болгон. Футболдук беттешүү алдага жылдырылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!