Жер семирткичтердин баасы канча?

26-Апр. 2018, Бейшемби, 13:51

Жеке ишкерлер жана фирмалардын күчү менен бүгүнкү күнгө орто эсеп менен Кыргызстанга 68,0 миң тоннадан ашык азот жана фосфор минералдык жер семирткичтери алынып келинди. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлигинен кабарлашты.

Анын түндүк региондо-24,9 миң тонна, түштүкө-43,1 миң тоннасы бар.

Андан сырткары 2018-жылда 100,0 миң тоннага чейин жер семирткичин ташып келүүгө аракеттер болууда.
Минералдык жер семирткичтерге болгон дүң баалары:
- аммиактуу селитра (Өзбекстанда өндүрүлгөн) – 15,5-16,0 сом/кг;
- аммиактуу селитра (РФ өндүрүлгөн) - 17,0-18,5 сом/кг;
- карбамид (Өзбекстанда өндүрүлгөн) – 16,0-17,0сом/кг;
- карбамид (РФ өндүрүлгөн) – 19,0 сом/кг;
-аммофос (Казакстанда өндүрүлгөн) – 26,0-28,0сом/кг;
- суперфосфат (Казакстанда өндүрүлгөн) – 10,0-12,0 сом/кг,
- нитроаммофос– 25,0 сом/кг, диаммофоска (РФ өндүрүлгөн)-30,0 сом/кг.
-хлордук калий (Белоруссиядаөндүрүлгөн) -44,0 сом/кг
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!