Бишкектин тургуну кайын энесин бычактап салды

3-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Аялын жана кайын энесин бычактаган 50 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 31-март күнү саат 09:40дар чамасында Бишкек шаарынын Комунаров, Азовская көчөсүнүн кесилишинде чогулуп турган жарандар милиция кызматкерлерине Комунаров көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин короосунда катуу кыйкырык уруштар болуп жаткандыгын билдиришкен. Окуяны тактоо үчүн чогулган жарандар менен кошо жогорудагы үйдүн алдына барган учурда көчөдө колуна бычак кармаган, кийимдери жана бети-башы канга боелгон болжол менен жашы 40-45 жаштагы азиат улутундагы жаран болгон. Ал жарандын кыймыл аракети өзүнө жооп бере албаган акыбалда турганын байкап, алдоо жолу менен колундагы бычакты таштоону милиция кызматкерлери суранган. Аны алдоо жолу менен колундагы бычакты тартып алышкан.

“Кармалган жаран 50 жаштагы К.С. экендиги белгилүү болгон. Ал жарандын жашаган үйүнүн короосуна кирген кезде короосунун оң жак капталында болжол менен жашы 80-85 курагындагы аялдын канжалап жаткан денеси табылган. Ошол учурда милиция кызматкерлери үйдүн ичинде кичинекей кыздын ыйлаган ыйын угуп чуркап барышканда жашы 40-45 жаштагы аялдын канга боелуп, ичегилери чубалып жаткан. Аны тез жардам кызматы алып кеткен”, - деп айтылат маалыматта.

Бул кылмышты жасаган жаран 50 жаштагы К.С., жабырлануучулардын бирөөсү кайын энеси болсо, экинчиси аялы болгон. Ал эми үйдүн ичинде ыйлап отурган жашы 10-12 чамасындагы кичинекей кыз К.С.нын кызы экендиги аныкталды.

Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Биринчи Май ИИБнүн ыкчам-тобу барышкан.

Шектүү адам убактылуу кармоочу жайга камалды.Учурда тергөө иш-чаралары жүрүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!