​Мэрдин хоккей боюнча кубогу болот

5-Апр. 2017, Шаршемби

Бишкекте 5-7-апрелге чейин балдар хоккейинен Бишкек шаарынын мэринин кубогу үчүн эл аралык мелдеш башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өспүрүмдөрдүн оюну Бишкекте алгачкы жолу өтүп жаткандыктан жалпы 150 хоккейчи катышууда.

Мелдешке Кыргызстан, Казакстан жана Орусиядан сегиз команда ат салышууда. Таймаштар сегиз жашка чейинкилер жана 11 жашка чейинкилер арасында өз-өзүнчө болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!