Дүкөнгө кол салган жаран кармалды

17-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Бишкек шаарындагы “Березка” дүкөнүнө кол салган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө ушул жылдын 30-январында билдирүү келип түшкөн. Ошол күнү саат 00:30дар чамасында И.Ахунбаев, Манас проспектисинде жайгашкан “Березка” дүкөнүнө белгисиз адам беткапчан кирип, мылтык менен кассирди коркутуп, 95 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып из жашырган.

Тергөө ыкчам тобуна белгилүү болгондой, кылмышка шектүү дүкөнгө кирип, күзөтчүнү курал менен коркутуп жерге жатуусун буйруп, кассирге бардык акчаны баштыкка салуусун талап кылган. Акчаны алган соң ал окуя болгон жерден изин суутуп кеткен.

Кылмыш иши дүкөндөгү видеокамерага жазылып калган.

Бул фактынын негизинде Ленин РИИБинин тергөө бөлүмү «Талап-тоноочулук» боюнча кылмыш ишин козгогон.

«Бишкек ШИИББинин менен Ленин РИИБинин кылмыш иликтөө кызматкерлери биргеликте кылмышка шектүү катары 28 жаштагы Ысык-Көл облусунун тургунун кармашкан»,- деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта, ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп, бул кылмышка дагы катышы барлар иликтенип жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!