Өзгөн: көчкү алдында калган жаран жерге берилди

17-Апр. 2017, Дүйшөмбү

15-апрель күнү Өзгөн районунун Көлдүк айыл аймагынын Шамал-Терек айылындагы жер көчкүдөн каза болгон 1961-жылы туулган Сүйүндүк Касымовдун сөөгү жерге берилди.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдиргендей, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашов катышып, көңүл айтты. Ал президент Алмазбек Атамбаев, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жана өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын атынан акчалай көмөк көргөздү.

Эскерте кетсек, 26-мартта да аталган райондун Топ-Жаңгак участкасында жер көчкү бир үй-бүлөнү басып калып, алты киши набыт кеткен болчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!