Активисттер эки балага каражат чогултууда

27-Апр. 2017, Бейшемби

Активисттер 21-апрелде жол кырсыгынан жабыркаган эки өспүрүм балага жардам берүү үчүн каражат чогулта баштады.

Коомдук ишмер Айжан Чыныбаеванын айтымында, ооруканада дарыланып жаткан эки мектеп окуучусу Эрбол жана Алимбектин мындан аркы дарылануусуна жардам берүү максатында кечээ, 26-апрелден баштап “элсом” электрондук капчыгы аркылуу каражат топтоло баштады.

“Учурда балдар ооруканада. Бири палатага которулган, бирок өз алдынча баса элек, экинчиси кайра жандандыруу бөлүмүнөн чыга элек. Балдардын дары-дармекке муктаждыгы жок. Чогулган каражат балким мындан ары боло турган реабилитациясына керектелиши мүмкүн”,-деди.

Ошондой эле ал балдарды коюп кеткен күнөөлүү жаран жазасын мыйзам чегинде алуусу керектигин айтып, жапа чеккен балдардын ата-энесине акчалай жардам берүүнү сунуштап жатканын кошумчалады.

"Өткөн жылы да айдоочу бир адамды койдуруп кетип, акча берүү менен кутулуп кеткен. Эгерде жабыркаган балдардын ата-энесине моралдык жана каржылык жактан жардам бербесек, айдоочу кайра эле кутулуп кетиши мүмкүн”,-деп кошумчалады коомдук ишмер Айжан Чыныбаева.

Балдарга жардам берүүнү каалагандар 0555880390 номери аркылуу "Элсом" электрондук капчыгына акча которо алышат. Мындан сырткары “Достук" мейманканасынын 5-кабатындагы Prego Club ресторанында акча каражаттарын кабыл алуучу түйүн ачылган.

Белгилей кетсек, 21-апрелде Чапаев көчөсүнөн, "Мерседес" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу №74 мектептин 3-классынын эки окуучусун унаасы менен койдуруп кеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!