​Аюу айылындагы кырсык боюнча фатва чыкты

2-Май 2017, Шейшемби

Аалымдар Кеңешинин өкүлдөрү Аюу айылынын жашоочуларынан кабар алып, Аалымдар Кеңеши тарабынан жаназа окуу боюнча чыгарылган фатваны тааныштырышты. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-апрелинде Өзгөн районунун Аюу айылындагы кырсыктан көз жумгандарды акыркы сапарга узатуу, көчкү алдында калгандарга жаназа окуу боюнча Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин (АК) чукул жыйыны өттү.

Жыйынга Аалымдар Кеңешинин 11 мүчөсү жана Санкт-Петербург шаарында илимий иш сапары менен жүрүшкөн Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов менен Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов онлайн түрүндө катышты. Ошондой эле Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев менен Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгнын (КМДБ) фатва бөлүмүнүн адиси А. Кокоев АКнын жыйынына катышты.

АКнын чукул жыйында Өзгөн районунун Аюу айылындагы жер көчкүнүн астында калгандарга жаназа намазын окуу тууралуу фатва чыгаруу маселеси каралды.

«Дин аалымдары фыкх китептериндеги «Жер титирөөдө, жер көчкүдө же үйдүн дубалы кыйрап анын алдында калып, өлүктү (сөөктү) чыгарганга мүмкүнчүлүк болбой калса, анда айласыздан (мажбурдуктун айынан) анын гусулу менен кепини кечиримдүү болот...», «Кайсыл жерде өлүк калып калса, ошол жер анын кабыры деп саналат жана денеси жарылып кеткенге чейин жаназа намазын окуса болот...»,- деген сыяктуу далилдердин негизинде «Жер көчкү же имараттардын кыйроосунан улам жердин астында калып кетип, аларды чыгарып алууга мүмкүн болбой калган учурда ошол жерде алардын жаназа намазы окулса болот»- деген фатвасын чыгарышып, фатваны АКнын мүчөлөрү бир добуштан колдошту»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 29-апрелде таңга маал Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айыл аймагынын Аюу айылында көлөмү болжол менен 1 млн м3 болгон жер көчкү түшүп, 7 турак үйдү жошоочулары менен басып, 24 кишини көчкү басып калган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!