Кайрымдуулук дүкөнү ишке берилди

3-Май 2017, Шаршемби

Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Больничная көчөсүндө “Хадия” атындагы кайрымдуулук дүкөнү ишке берилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Дүкөндө күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөр жана кийим кечелер сатылат. Дүкөн ээсинин айтымында, мезгил-мезгили менен Масы айыл аймагында жашаган турмуш-шарты оор үй-бүлөлөргө, ата-энесинен айрылгандарга, муктаждарга керектелүүчү азык-түлүктөн кйрымдуулук кылып, алардын кубанычына ортоктош болуп жатышат.

Ошондой эле келечекте башка айыл аймактарга да дал ушундай кайрымдуулук дүкөндөрдү ачуу демилгеси көтөрүлүп жаткандыгын Ноокен районунун баш имам хатиби Ашим ажы Абидинов билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!