​Төрт күндөн кийин аналогдук берүү өчүрүлөт

11-Май 2017, Бейшемби

Кыргызстанда төрт күндөн кийин аналогдук телеберүү өчүрүлөт. 8-майга карата өлкөнүн 88 пайызы санариптик телеберүүгө туташкан. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө 1 млн 383 миң үй санарипке туташтырылган.

«Биз жума сайын санариптик телеберүүгө туташкан динамикага байкоо жүргүзүп жатабыз. Жумасына 80-90 миң үй-бүлө санарипке туташып жатышат. 15-майга чейин дагы да санарипке туташкандардын көрсөткүчү жогору болот деп үмүттөнүп жатабыз. Ошондой эле өлкөдө тоонун ортосунан орун алган 326 калктуу пунктар бар. Алардын ичинен 227 калктуу пункка сигнал жеткирүү иштери колго алынууда. Калгандары өз алдынча спутник телекөрсөтүүнү пайдаланса болот»,-деди ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!