Жапа чеккендерге жардам берүү талкууланды

11-Май 2017, Бейшемби

Бүгүн, 11-майда президент Алмазбек Атамбаев премьер-министр Сооронбай Жээнбековду кабыл алды.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууда акыркы убактарда болгон табигый кырсыктан жапа чеккендерге жардам берүү жараяны талкууга алынды.

Өкмөт башчы Жээнбеков Өзгөн районундагы жер көчкү жана Чоң-Алай районундагы жер титирөөнүн кесепетинен жабыр тарткандарга жардам берүү, бүлгүнгө учураган турак-жайларды калыбына келтирүу, кооптуу аймакта жашаган элдин коопсуздугун камсыздоо жаатында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде өлко башчы бул аракеттерди убагында аткарууну тапшырды.

Белгилей кетсек, 29-апрелде Өзгон районунун Аюу-Сай айылында жер көчкү жүрүп, 24 кишини басып калган. Көп өтпөй 3-май күнү Чон-Алай районундагы кайра-кайра кайталанган жер титирөодө жүздөгөн турак үйлөр жараксыз абалга келип, тургундар чатырларга көчүрүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!