Президент Алмазбек Атамбаев Кытайга барат

11-Май 2017, Бейшемби

Президент Алмазбек Атамбаев 13-майда Кытайга расмий иш сапары менен барат.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, өлкө башчысы Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин чакыруусу менен барып, Бээжин шаарында өтүүчү “Бир алкак – бир жол” эл аралык форумуна катышат. Мындан сырткары Кытай жетекчиси Си Цзинпин менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Кытай Кыргызстандын негизги өнөктөшү. Быйыл эки өлкөнүн дипломатиялык алака курганына 25 жыл толду. Расмий маалыматтар боюнча бул убакыт аралыгында Кытайдан келген түз инвестициянын көлөмү 1,2 млрд. доллардан ашкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!