Рыскелди өз апасын издейт

12-Май 2017, Жума

20 жаштагы Рыскелди өз апасы Элмира Абдиеваны издеп жатат. Бул тууралуу маалымат “Фейсбук” социалдык тармагына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, баланы багып алган апасы Динара Жамансариева каза болгон. Учурда бала көчөдө калган. Себеби баланы багып алган аялдын үйүн туугандары сот аркылуу тартып алган.

“Аны караганга эч ким жок”,-деп жазат колдонуучу.

Рыскелди 1997-жылы 9-майда борбор калаадагы 4-төрөт үйүндө туулган. Апасы Элмира Абдиева бакма апасы Динара Жамансариевага өз каалоосу менен бергендиги тууралуу маалымат кат бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!