Кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берилди

12-Май 2017, Жума

Бүгүн, 12-майда Ош обулусундагы жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандарга Кызыл Жарым Ай коому тарабынан материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандагы Кызыл Жарым Ай коому Демилгечил жаштар клубу менен биргеликте Ош обулусунда жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткан үй-бүлөлөргө гуминитардык жана акчалай жардам көрсөтүү боюнча акция өткөргөн. Андан топтолгон каражаттар элге таратылып берилди.

«Өзгөн районундагы Аюу айылындагы 5 үй-бүлөгө Кызыл Жарым Ай коому тарабынан 10 миң сомдук тамак-аш кийим-кече берилди. Кысык Алма айылындагы 6 үй-бүлө 8350 миң сомдук тамак-аш менен камсыз болду»,-деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!