Орто-Токой суу сактагычына таштанды ташталган

25-Май 2017, Бейшемби

Нарын облусунда жайгашкан Орто-Токой суу сактагычынын жанындагы мыйзамсыз таштанды жайынын ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Экологиялык техникалык коопсуздук мамлекекттик инспекциясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, таштанды жайы эч кандай уруксат кагаздары жок, суу сактагычка жакын аймакта жайгашып, катуу шамал, сел жүргөндө таштандылар сууга кошулуп булгануу коркунучу пайда болгон.

“Аталган жайга таштандыны Кочкор жана Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн тургундары таштап келген. Мамэкотехинспекциянын инспекторлорунун бир нече ирээт эскертүү, чараларды көрүүсүнүн негизинде бүгүнкү күндө аталган жайда рекултивация иштери жүргүзүлүп, таштанды жайынын ишмердүүлүгү толугу менен токтотулду”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда Мамэкотехинспеция жана жергиликтүү аймактык башкармалыктын өкүлдөрү менен биргеликте Кочкор районунда талаптарга ылайык, мыйзамдуу таштанды жайын куруу боюнча иштер жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!