Кыргызста-БАЭ: виза жөнөкөйлөтүлөт

26-Май 2017, Жума

Жогорку Кеӊеште кыргыз өкмөтү менен Бириккен Араб Эмиратынын өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана кызматтык-атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө ратификациялык мыйзам долбоору каралды.

Парламенттин маалымат кызматы билдиргендей, бул маселе бардык фракциялардын макулдугу менен дароо эле үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Эгерде жогорудагы келишим ратификацияланса, Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмиратынын жарандары виза алуудан бошотулуп, ал өлкөлөрдүн аймагында 90 күнгө чейин визасыз жүрө алат.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 1171 адамга дипломатиялык паспорт берилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!