Жапа чеккендердин насыясынын мөөнөтү узартылат

25-Май 2017, Бейшемби

Май айынын башындагы жер титирөөдө жабыр тарткан Чоң-Алай районунун тургундарынын банктардан алган насыяларынын үстөк пайызы төмөндөтүлүп, төлөө мөөнөтү узартылат.

Бул тууралуу райондогу беш айылдын жашоочулары Айыл банк, РСК, Компаньон банктарынын жетекчилери менен жолугушуусунда белгилүү болгонун өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин жер титирөөдөн кайыккан элден кабар алганы барган өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдон жергиликтүү калк банктардан алган насыяларынын пайызын төмөндөтүү жана мөөнөтүн узартып берүү боюнча суранышкан.

Банк жетекчилери менен болгон жолугушууда элдин басымдуу бөлүгү турак-жайы жараксыз абалга келгендер күрөөгө эмнени коюп насыя алса болорун сурашты. Банктар күрөөсүз насыя берүүчү атайын долбоорлору бар экендигин кошумчалап, арыз менен кайрылууларын суранышты. Ошондой эле калк үчүн эң эле ыңгайлуу өлчөмдө насыянын пайызын төмөндөтүү жана мөөнөтүн узартууну убадалашты.

Банк кызматкерлери менен болгон жолугушууда мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна турак-жайларын каттаткан 25 жаранга 200 миң сомдон жалпы 5 млн. сомдун сертификаттары тапшырылды. Ар бирине эсеп ачылып банкка акчасы которулган. Каалаган учурда алып керектүү нерсесине пайдалана алышат. Камсыздандыруу кызматынын өкүлдөрү элди кайдыгер болбой турак-жайларын камсыздандырууну суранды. Мамлекет тарабынан берилчү ссуда токтотулгандыгына байланыштуу камсыздандыруудан өтпөгөн жарандарга жардам берилбестиги эскертилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!