СПИДден көз жумгандарга карата акция өтөт

25-Май 2017, Бейшемби

Эртең, 26-майда саат 18:30да Бишкектин “Түштүк дарбаза” паркында жыл сайын майдын акыркы жекшембиси “СПИД” оорусунан көз жумгандарды эскерүүнүн эл аралык күнүнө карата акция өткөрүлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, акция Республикалык “СПИД” борбору жана эл аралык өнөктөш болгон USAID/PSI, AFEW тарабынан уюштурулмакчы. Акцияда жаштар арасында оюндар ойнотулуп, эстрада ырчыларынын катышуусунда концерттик программа менен коштолот.

Республикалык “СПИД” борборунун директору Улан Кадырбековдун айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда ВИЧ илдети менен 7287 адам катталган. Анын 1600үн курман болгондор түзөт. Бул илдетке чалдыккандардын көбү дартты кургак учук менен биргеликте жуктуруп көз жумган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!